Ажатканада кагазы, ашканада тамагы жок. Жаңы депутат Ак үйдүн кейпине кейиди

Депутат Жогорку Кеңештин чарбалык иштери ушундай болуп жатса, мамлекет кандай болот деп суроо салды.
Sputnik
БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. VII чакырылыштын кечээ өткөн алгачкы жыйынында Ноокат шайлоо округунан шайланып келген Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулу Ак үйдүн кейпин көрүп кейиди.
"Түштөнүү үчүн тамактанууга түшсөк ажатканасында кагазы жок, ашканасына кирсең эшиги мээге соккондой ачылып-жабылат экен, ичинде бир жакшы тамагы жок. Бул эмне деген Ак үй, биз бул жерге биринчи жолу кирип жатабыз. Эгер өзүбүздүн чарбалык иштерибиз ушул болуп жаткан болсо, эртең мамлекеттин акыбалы кандай болот?", — деп таң калды Коргонбай уулу.
Ошондой эле ал эл жаңыланууну, өзгөрүүнү талап кылганын айтып, төрагалыкка сунушталган эки талапкерге тең ичи чыкпай турганын белгиледи.
Эскерте кетсек, спикерликке Талант Мамытов менен Адамхан Мадумаровдун талапкерлиги көрсөтүлүп, натыйжада Мамытов жеңишке жеткен.
Сүрдөп, жаңылып... Депутаттардын ант берүү учурунан кызыктуу ирмемдер. Видео