Японияда жаш футболчулар өзгөчө гол киргизишти. Видео

Оригиналдуу ыкма менен дарбазага киргизилген топтун ролигин Twitter тармагында беш жарым миллиондой киши көргөн.
Sputnik
БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Япониялык жаш футболчулар айып тобун өзгөчө ыкма менен каршылаштарынын дарбазасына киргизди. Кызыктуу учурдун видеосу Twitter тармагына чыгарылып, социалдык тармакта чилдей тарады.
Мындай адаттан тыш голду Япониядагы мектеп чемпионатында "Такугава Нгуэн" командасынын оюнчулары киргизген.
Видеодо көрүнүп тургандай, беш оюнчу кол кармашып тегеректешип ырдаган сыяктуу айланышат.
Ышкырык жаңырар замат алар ар тарапка чачырашып, чабуулга киришет. Бул учурда атаандаштын коргоочулары кимиси кайсы чабуулчуну тосушту билбей адашып калышат. Натыйжада айып тобунан чыгарылган топ дарбазага кирет.
Роликти Twitter тармагында беш жарым миллиондой киши көргөн.
Индиянын футбол клубу Мирлан Мурзаевдин голу менен жеңишке жетти. Видео
Жаш курак тоскоол эмес! 40 жаштагы Ибрагимовичтин укмуштуу голу видеодо