Тарбияда бир ыкманы туура, калганын ката деп баалоого болбойт. Ар бир үй-бүлө өз көз карашына туура келгенин тандайт. Бул тууралуу Айнек Муратбекова Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып белгиледи.
Анын айтымында, илимде тарбия алтыга бөлүнөт, анын ичинен төрт ыкма кеңири колдонулат.
"Тарбия деген ушундай маселе, так, кесе бул туура, тигил ката деп айтууга болбойт. Биз, адистер, ата-энелерге "сиздин балаңызга бул ыкма туура келет экен же сиз бул ыкмада тарбиялап жатыптырсыз, ал балаңызга оор келүүдө" деген сыяктуу гана пикирлерибизди билдире алабыз. Негизинен илимде тарбиянын алты түрү бар, анын төртөө кенен жайылган. Биринчиси авторитардык тарбия. Мында ата-эненин айтканын бала кынтыксыз аткарууга милдеттендирилет жана кичинекей бир катасы үчүн какыс-кукус кылып коюуга жол берилет. Экинчи ыкма демократиялык деп аталат. Бул жерде баланын ою менен болуу эмес, аны менен эсептешүү, угуу, бирок кеңешүү, эркиндик берүү менен жоопкерчилик да арта билүүгө басым жасалат. Ал эми либералдык тарбияда ата-эне ашыкча баласаак же бала үчүн бардык нерсени жасап койгонго даяр болуп, өзгөчө камкордукка алат. Тилекке каршы, мындай үй-бүлөлөрдөн көбүнесе чечкинсиз балдар өсүп жетилет. Хаостук тарбия деген да ыкма бар. Анда атасы бирди айтса, апасы башканы үйрөтөт. Чоң энеси келип өз көз карашын таңууласа, таенеси дагы бир нерсени айтат. Анан да ата-энелер бири-биринин тарбия ыкмаларын баланын көзүнчө сындап, бири-бирин жекирип, кагып-силкип мамиле кылышат. Мындай учурда балдар психологиялык жактан олуттуу жабыркап калышы ыктымал", — деди Муратбекова.
Педагог-психолог үй-бүлөдө бардык балдарга бирдей сүйүү берүү да абдан маанилүү экенин кошумчалады.