Россияда эми чет элдиктерди сүрөткө тартып, манжа изин алат. Кимге тиешелүү

Бул процедураны ИИМдин аймактык органдарынын ыйгарым укуктуу кызматкерлери жасайт, ал эми бир катар аймактарда милицияга караган мамлекеттик унитардык мекемелер жүргүзөт.
Sputnik
БИШКЕК, 30-дек. – Sputnik. РФ Ички иштер министрлиги Россияга 90 күндөн ашык убакытка же иштеш үчүн келген чет элдиктердин манжа изин алып жана сүрөткө тарткан тартипти бекитти. Бул туурасында буйрук укуктук маалымат порталына жарыяланган.
Милициядан аталган иштерди ИИМдин аймактык органдарынын ыйгарым укуктуу кызматкерлери, ал эми бир катар аймактарда милицияга караган мамлекеттик унитардык мекемелер алып барарын айтышты.
"Чет элдик жарандардын манжа изин бир эле ирет алып, бир эле жолу сүрөткө тартып, катташат. Ал эми жогорудагы процедурадан өткөндүгүн тастыктаган документти көрсөтпөй жүргөндөргө бир нече ирет жасалат", — деп айтылган документте.
Бул тизмеге ИИМдин ЦИАДИС ведомствосунун системасынан ал туурасында маалымат чыкпагандар, аты-жөнүн өзгөрткөн чет элдиктер кирерин билдирди. Андан сырткары, териси өзгөрүп (так түшүп, тату чектиргендер ж.б.) жана сүрөткө түшкөндөн 10 жыл өткөндөр да кошулат.
Сүрөткө тартуу талаптары жана эрежелери:
сүрөт электрондук түрдө тартылат;
көлөмү 3х4 сантиметр болушу шарт;
бет маңдайынан тартылышы кажет;
эгерде бетти жаппаса, баш кийим менен түшсө болот;
дайыма көз айнек тагынып жүргөндөр айнеги күңүрт эмес көз айнекчен түшсө болот.
Төмөнкүлөр дактилоскопиядан өтпөйт жана сүрөткө түшпөйт:
Беларусь жарандары;
эл аралык, мамлекет аралык, өкмөт аралык уюмдардын Россияга иштөө үчүн кирген кызматкерлери;
Россиянын аймагындагы эл аралык, мамлекет аралык, өкмөт аралык уюмдардын кызматкерлери жана алардын үй-бүлөсүнүн мүчөлөрү;
алты жашка чейинки балдар.
Россияда мигранттар үчүн жаңы эреже киргизилди! ИИМдин эскертүүсү