Россия Кыргызстан менен 2022-жылы ташыла турган күйүүчү майдын көлөмүн макулдашты

Россиянын Энергетика министрлиги Казакстан, Тажикстан, Армения, Абхазия жана Түштүк Осетия менен дагы күйүүчү майдын көлөмүн макулдашкан.
Sputnik
БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Россия Кыргызстан жана башка мамлекеттер менен 2022-жылы пошлинасыз жеткириле турган күйүүчү майдын көлөмүн макулдашты. Бул тууралуу РФтин Энергетика министрлигинин сайтына жарыяланды.
Бул макулдашуунун алкагында Кыргызстанга 650 миң тонна бензин, 550 миң тонна дизель майы, 100 миң тонна авиакеросин жана 60 миң тонна битум жеткирүү пландалууда.
Кыргызстандан сырткары, Россиянын Энергетика министрлиги Казакстан, Тажикстан, Армения, Абхазия жана Түштүк Осетия менен дагы күйүүчү майдын көлөмүн макулдашкан.
Россияда эми чет элдиктерди сүрөткө тартып, манжа изин алат. Кимге тиешелүү