Кыргыз футбол союзу административдик кеңсе курууга тендер жарыялады

Спорттук бирикменин кеңсесинин аянты 2 400 чарчы метр болмокчу. Сынак 2022-жылдын 10-январынан тарта 31-январга чейин өткөрүлөт.
Sputnik
БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. "Кыргыз футболдук союзу" юридикалык жактардын бирикмеси футболдук борбордун карамагында боло турган административдик кеңсе курууга тендер жарыялады. Бул тууралуу спорттук бирикме кабарлады.
Кеңсенин аянты 2 400 чарчы метр болмокчу. Сынак 2022-жылдын 10-январынан тарта 31-январга чейин өткөрүлөт.
Тендердик документтер боюнча кенен маалыматты жумуш күндөрү (дүйшөмбү-жума) саат 9:00дөн 18:00гө чейин алууга болот.
0312 518 284, 0707 120 290 номерлерине чалып же tenders@kfu.kg электрондук дарегине жазуу сунушталууда. Ошондой эле Кыргыз футбол бирикмесинин Бишкектеги Медеров көчөсү, 1Б дарегинде жайгашкан кеңсесине барууга болот.
Кыргызстандык футбол рефериси 2022-жылы Азия кубогунда калыстык кылат