Коронавирустан бир адам каза болуп, 6 507 киши вакцина алды. Соңку статистика

Азыркы тапта стационарда 255, ал эми амбулатордук түрдө 315 киши дарыланып жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Өткөн суткада 41 адамдан коронавирус табылып, 48 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Жуктургандар:
Бишкек – 24;
Ош шаары – 1;
Чүй облусу – 4;
Ош облусу – 4;
Талас облусу – 1;
Ысык-Көл облусу – 5;
Жалал-Абад облусу – 2.
Илдет илештиргендердин жалпы саны 184 633кө жетти. Анын ичинен 179 778и дартты жеңген. Тилекке каршы, оору дагы бир бейтаптын өмүрүн алып, жалпысынан 2 800 адам коронавирустун курмандыгы болду. Азыркы тапта стационарда 255, ал эми амбулатордук түрдө 315 кишинин дарыланып жатканы айтылды. Бир сутка ичинде эмдөөдөн 6 507 адам өткөн.
Вирусолог пандемия кандай учурда бүтөрүн айтты