Радио

Курманова: өлкөдө классикалык музыканын деңгээли төмөндөп калды

Композитор, дирижёр, виолончелист Наргиза Курманова Кыргызстанда классикалык музыканы аткаруучулардын деңгээли төмөндөгөндүгүн айтты.
Sputnik
Рынок шартына байланыштуу классикалык музыкаларды ойногон чеберлер да учурда шоу жаратып, тойлордо түрдүү ырларды аткаруу кадимки көрүнүш болуп калды. Бул тууралуу Наргиза Курманова Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, заман талабына ылайык музыкада да өзгөрүүлөр болуп, минимализмге көңүл бурулуп жатат.

"Учурда классикалык музыканын деңгээли өлкөдө төмөндөп баратат. Рыноктук шартка байланыштуу классикалык музыкаларды ойногондор ыр аткарган эмес. Анткени ал кадыр-баркына да кедергисин тийгизген. Мындай кадам учурда кадимки көрүнүш катары бааланып, тойлорго да чыгып жатышат. Заман талабына ылайык, музыкада да өзгөрүүлөр болуп минимализмге басым жасалууда. Классикалык чыгарма дайыма жогору бааланып турушу абзел. Мындан тышкары, билим берүүгө да көңүл буруу керек", — деди Курманова.

Ошондой эле композитор виолончелисттердин арасында дүйнөдө москвалык музыканттар алдыда экенин кошумчалады.