БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Ысык-Көл облусуна караштуу Каракол шаарында заманбап гемодиализ борбору ишке кирди. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 30-декабрда, аталган гемодиализ борбору менен таанышкан. Мекеме 70ке жакын адамды тейлей алары айтылды.
Маалыматка караганда, борборду куруу жана жабдуу иши менен жеке компаниялардын бири алектенген. Учурда бул ишкананын гемодиализ борборлорунда 31 диализатор бар, анын бешөө Балыкчы шаарында, алтоо Чолпон-Ата шаарында жайгашкан.
Садыр Жапаров Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын муктаждыктары үчүн тез жардам унаасынын ачкычын тапшырган. Алар гемодиализ борборунун бейтаптарын дагы тейлейт.