Жаңы чакырылыш Жогорку Кеңешке 4 вице-спикер болушун пландап жатат

Эки орунду фракцияларга, экөөнү бир мандаттуу округдардан шайлангандарга берүү каралган.
Sputnik
БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары төрт вице-спикер кызматын негиздөөнү пландап жатат. Мындай чечимди VII чакырылыштын структурасын түзүү боюнча комиссия кабыл алганын анын төрагасы Султанбай Айжигитов билдирди.
Депутат Алишер Козуев мурда 120 депутат менен эки вице-спикер иштегенин, азыр 90 эл өкүлү келсе төртөө эмне жумуш кыларын сурады.
Комиссиянын мүчөсү Алтынбек Сулайманов эки вице-спикерлик кызматты бир мандаттуу округдан шайлангандар сураганын айтты.
Эл өкүлү Адахан Мадумаров да комиссияны сынга алды.
"Төраганын төрт орун басары эмне иш кылат? Мына ошолордун маянасы көтөрүлөт, кызматтык автоунаа берилет. Андан көрө тармактык комитеттердин санын көбөйтөлү. Алардын маянасы жогорулабайт, тек гана иштешет", — деди Мадумаров.
Белгилей кетсек, комиссия тармактык комитеттердин санын тогуздан жетиге кыскартууну чечкен.
Сүрдөп, жаңылып... Депутаттардын ант берүү учурунан кызыктуу ирмемдер. Видео