Жогорку Кеңештин төрагасы шайланды

Спикерлик кызматка эки фракциядан бирден талапкер сунушталган.
Sputnik
БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. Талант Мамытов Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланды.
Ал “Ынтымак” фракциясы тарабынан сунушталып, 63 депутаттын добушу менен жеңүүчү аталды. Ал эми “Бүтүн Кыргызстан” фракциясы көрсөткөн Адахан Мадумаров 10 добушка ээ болду. Баарына каршы 14 добуш берилди.
Спикерлик кызматка эки гана талапкер сунушталган. Аларды шайлоо ачык добуш берүү менен өттү.