Жогорку Кеңештин төрагалыгына алгачкы талапкердин аты аталды

Учурда жыйынга эң улуу депутат Шарапаткан Мажитова төрайымдык кылууда.
Sputnik
БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. "Ынтымак" фракциясы Жогорку Кеңештин төрагалыгына Талант Мамытовдун талапкерлигин сунуштайт. Бул тууралуу депутат өзү журналисттер менен курган маегинде билдирди.
"Алдын ала сүйлөшүүлөр боюнча фракциянын атынан төрагалыкка менин талапкерлигимди көрсөтүүгө токтолушту. Бирок бул расмий чечим эмес", — деди Мамытов.
Бүгүн Жогорку Кеңештин депутаттары мандат алып, ант берип расмий түрдө кызматка киришти. Учурда жыйынга эң улуу депутат Шарапаткан Мажитова төрайымдык кылууда.
Бир мандаттуу округдун 18 депутаты "Ата-Журт Кыргызстанга" кошулду. Тизме