Япония узак жашоо жана бекем ден соолук боюнча рекорд койду

Өнүккөн өлкөлөр акыркы жылдары жашоо шартын, тамак-ашты жакшыртуунун, коомдук гигиенаны күчөтүүнүн жардамы менен өз жарандарынын өмүрүн узартып жатканы айтылууда.
Sputnik
БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. Япония карылыгына карабай, ден соолугу бекем адамдардын көптүгү боюнча жаңы рекорд жаратты. Бул тууралуу өлкөнүн Эмгек, саламаттык сактоо жана жайлуу жашоо боюнча министрлигине шилтеме берип РИА Новости жазды.
"Японияда аялдардын басымдуу бөлүгү 75 жашка чейин ден соолугу жакшы болуп, эч кимдин жардамысыз кыймылдап жүрөт. Ал эми эркектер үчүн бул курак — 72 жаш. 2001-жылга салыштырмалуу аялдардын ден соолугу бекем курагы 2,73 жылга, эркектердики 3,28 жылга узарган", — деп айтылат билдирүүдө.
Ошондой эле Япония жарандары эң узак жашаган дүйнөдөгү жети мамлекеттин катарына кирет. Бул өлкөдө узак жашаган эркектер орто эсеп менен 81 жашка чыкса, аялдар 87 жаштан ашат.
Өнүккөн өлкөлөр акыркы жылдары жашоо шартын, тамак-ашты жакшыртуунун, коомдук гигиенаны күчөтүүнүн жардамы менен өз жарандарынын өмүрүн узартып жатканы айтылууда.
Жашы өткөндө дүйнөнү таңдантып, атак-даңкка жеткендер. 15 сүрөт