"Унаа" ишканасы майрам күндөрү иштебейт

Ведомстводон айдоочуларга эс алуу күндөрүн эске алып, тиешелүү маселелерин чечүүнү караштырып алууну эскертишти.
Sputnik
БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. "Унаа" мамлекеттик ишканасынын бардык бөлүмдөрү жана республикадагы автоунаа маселеси боюнча айдоочуларды тейлөө борборлору 1-9-январда иштебейт. Бул туурасында аталган ишканадан кабарлашты.
Мындан улам министрлер кабинети 1-январдан 9-январга чейин беш күндүк график менен иштегендер үчүн эс алуу күндөрү болорун жарыялаган. Андан улам "Унаа" элди 10-январдан тарта тейлейт.
29-30-декабрда "Унаанын" бардык кызматтары адаттагы эле тартипте саат 9:00дөн 18: 00гө чейин иштесе, ал эми 31-декабрда бир саат эрте жабылат.
Ведомстводон айдоочуларга эс алуу күндөрүн эске алып, тиешелүү маселелерин чечүүнү караштырып алууну эскертишти.
Жаңы жылдык дем алышта калкты тейлөө борборлору менен ЗАГС иштейби?