Радио

Таласбаев: спортто потенциалымды колдоно албаганым үчүн өкүнөм

Бокс боюнча Афина жана Пекин Олимпиадасынын катышуучусу, эл аралык даражадагы спорттун чебери Асылбек Таласбаев убагында мамлекет тарабынан колдоо албай калгандыгын айтты.
Sputnik
Афина жана Пекин Олимпиадасына катышып, топтогон тажрыйбамды, кадыр-баркымды, потенциалымды толук колдоно албай калдым. Бул тууралуу Асылбек Таласбаев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, СССРдин эмгек сиңирген машыктыруучусу Геннадий Аноприев эл аралык мелдештерге даярдап, спортто чоң ийгилик жаратууга жол ачкан.
"Спорттук карьерамда эки Олимпиада оюндарына катыштым. 2004-жылы Афинада өткөн мелдеште 57 килограмм салмакта рингге чыгып, тажрыйбамдын жоктугуна байланыштуу кубалык боксчуга биринчи эле бөлүктө утулгам. Бул мага чоң сабак болгон. Кийинки эл аралык турнирлерде жакшы деңгээлде атаандаштык көрсөтө баштагам. 2008-жылы Пекин Олимпиадасына баруу үчүн Астанада өткөн лицензиялык мелдеште финалга чейин жетип, чечүүчү бөлүктө казакстандык Мерей Акшаловго утулуп калгам. Ага карабастан экинчи орунду алганым үчүн Олимпиадага катышууга жолдомо алгам. Мен топтогон тажрыйбамды, кадыр-баркымды, потенциалымды толук колдоно алган жокмун. Мамлекет тарабынан да колдоо болбой карьераны жыйынтыктоого мажбур болгом", — деди Таласбаев.
Ошондой эле спортчу машыктыруучу катары өспүрүмдөрдү тарбиялап, мелдештерге алып баруу ниети бар экендигин кошумчалады.