17 жаштагы шахматчы Абдусатторов Карлсенди утуп дүйнө чемпиону болду

Польшада өткөн шахмат боюнча дүйнө биринчилиги сенсация менен аяктады. Өзбекстандык өспүрүм мелдештеги бардык гроссмейстерлерди утуп, чемпиондук таажыны тагынды.
Sputnik
БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. 17 жаштагы өзбекстандык Нодирбек Абдусатторов Варшавада өткөн шахматтын рапид түрү (тез ойнолуучу түрү) боюнча дүйнөлүк чемпионаттын жеңүүчүсү болду. Бул тууралуу Eurosport маалымат булагы жазды.
Ал биринчи эле оюнда дүйнөнүн эң күчтүү шахматчысы Магнус Карлсенди утуп алганы шейшемби күндөгү башкы сенсация болду. Анын үстүнө норвегиялык спортчу ак менен ойногон (мында жүрүштү биринчи баштап, артыкчылык болот).
Мелдештин 11-турунда жакында эле дүйнөлүк шахмат таажысы наамы үчүн таймашкан атаандаштар Магнус Карлсен менен россиялык Ян Непомнящий кез келип, тең чыгышкан. Чечүүчү тай-брейкте Абдусатторов россиялык спортчуну да 1,5:0,5 эсебинде утуп алды.
Кубанган, ызаланып ыйлаган балдар. Шахмат боюнча Президенттин кубогунан видео