Россияга иш сапары аяктап Садыр Жапаров Бишкекке келди

КМШ өлкөлөрүнүн лидерлери коронавирустук пандемияга биргелешип каршы күрөшүү боюнча актуалдуу маселелерди талкуулаган.
Sputnik
БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаровдун Санкт-Петербург шаарына болгон иш сапары аяктады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
1 / 2

Эске салсак, Жапаров Россияга КМШга мүчө мамлекеттердин жетекчилеринин салттуу бейформал жолугушуусуна катышуу үчүн барган

2 / 2

Саммитке Беларусь президенти Александр Лукашенко, Азербайжандын президенти Ильхам Алиев, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев, Россиянын президенти Владимир Путин, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев катышкан.

Эске салсак, Жапаров Россияга КМШга мүчө мамлекеттердин жетекчилеринин салттуу бейформал жолугушуусуна катышуу үчүн барган.
"Анда өлкө лидерлери коронавирустук пандемияга биргелешип каршы күрөшүү боюнча актуалдуу маселелерди талкуулап, бул көйгөйдөн чыгуунун натыйжалуу жолдору боюнча эксперттердин пикирин угуп, талкуу өткөрүштү", — деп айтылат маалыматта.
Саммитке Беларусь президенти Александр Лукашенко, Азербайжандын президенти Ильхам Алиев, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев, Россиянын президенти Владимир Путин, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев катышкан.
Иш сапар жыйынтыкталып, Садыр Жапаров бүгүн, 29-декабрда, Бишкек шаарына келгени айтылды.
Путин КМШ өлкөлөрүндө пандемия жеңилирээк өтүп жаткан себебин айтты