Путин: "Спутник V" жаңы штамм "омикрондон" коргой турганы анык

Путин КМШнын бейформал саммитинде Гамалея борбору "Спутник V" вакцинасынын "омикронго" каршы эффективдүүлүгү боюнча изилдөө жүргүзгөнүн айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. Россия лидери Владимир Путин КМШнын бейформал саммитинде "Спутник V" "омикрон" жаңы штаммынан коргой турганын изилдөөлөр көрсөткөнүн билдирди.
Коронавируска каршы күрөшүү отурумдагы башкы темалардын бири болду.
Россия лидери Владимир Путин
"Мен Гамалея атындагы институттун жетекчиси менен сүйлөштүм. Алардын изилдөөлөрүнөн кийин "Спутник V" "омикрон" жаңы штаммынан коргой турганы анык болгонун, кандай деңгээлде жок кылат деген суроого бир гана клиника так жооп бере аларын айтты. Бирок жок кыла турган деңгээли жогору", — деген Путин.
Кийинчерээк Россия лидери "Спутник V" вакцинасы коргонуунун 90 пайыздай кепилдиги экенин айткан.
Коронавирустун "омикрон" штаммын симптому жок өткөрүү эмнеси менен кооптуу
Изилдөө "Спутник V" вакцинасы "омикрон" штаммынан сактай аларын көрсөттү