Мадумаров: төрага болсом ЖКнын иш башкармалыгын президентке бербейбиз

Талапкерлерден бир нече депутат иш башкармалык тууралуу пикирин билүүгө кызыкты.
Sputnik
БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. Жогорку Кеңештин төрагалыгына талапкер Адахан Мадумаров шайланып калса парламенттин иш башкармалыгын президенттин иш башкармалыгына бербей турганын айтты.
Бир нече депутат спикерлик кызматка сунушталган талапкерлердин иш башкармалык тууралуу пикирин билүүгө кызыкты.

"Эртең ажатканага кагазды дагы президенттин иш башкармалыгына сурап барабыз. Андай болбойт! Эгер VI чакырылыштагы депутаттар туруктуу, бекем позицияда турганда эч ким эч качан мындайды жасай алмак эмес. Биз ошонун баарын ордуна кайтарабыз", — деди Мадумаров.

Ал эми экинчи талапкер Талант Мамытов көпчүлүккө баш ийе турганын айтты.
"Азыр бардык мамлекеттик органдарда оптимизациялоо иштери жүрүп жатат. Жогорку Кеңештин иш башкармалыгында гараж бар, биз кызматтык унаалардан баш тарткандан кийин аны кармоонун кереги жок болуп калды. Ал эми башка структуралары кандай болорун карап көрөлү", — деди Мамытов.
Белгилей кетсек, 2-декабрда мамлекет башчы Садыр Жапаровдун жарлыгы менен ЖКнын иш башкармалыгы президенттин иш башкармалыгына карап калган.
Сүрдөп, жаңылып... Депутаттардын ант берүү учурунан кызыктуу ирмемдер. Видео