Ошто жаңы мектеп колдонууга берилди. Сүрөт

Ош шаарында жалпы 55 муниципалдык мектеп бар. Анын ичинен 5 мектептин имараты авариялык абалда. 2021-жылы эки мектеп жаңы курулуп, пайдаланууга берилди.
Sputnik
БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. Ош шаарынын Орке айылындагы Чолпонбай Түлөбердиев атындагы мектептин курулушу аяктап, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Ош мэриясынан кабарлашты.
1 / 5

Ош шаарынын Орке айылындагы Чолпонбай Түлөбердиев атындагы мектептин курулушу аяктап, пайдаланууга берилди

2 / 5

2020-жылы башталган курулуш ишин Сауд өнүктүрүү фонду каржылады

3 / 5

Ачылыш аземине мэр Алмаз Мамбетов, Сауд Аравиянын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Ибрахим бин Ради бин Абдурахман Аль-Ради катышты

4 / 5

Ош шаарында жалпы 55 муниципалдык мектеп бар. Анын ичинен 5 мектептин имараты авариялык абалда.

5 / 5

2021-жылы эки мектеп курулуп, пайдаланууга берилди. Дагы төрт мектептин курулушу республикалык бюджеттин эсебинен жүрүп жатат.

"Мектеп 375 орунга ылайыкташып, бардык шарттар түзүлгөн. Спорт зал, жыйындар залы, китепкана, ашкана, дарылоо кабинети, жуунуучу жайлар каралган", — деп айтылат билдирүүдө.
2020-жылы башталган курулуш ишин Сауд өнүктүрүү фонду каржылады.
Ачылыш аземине мэр Алмаз Мамбетов, Сауд Аравиянын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Ибрахим бин Ради бин Абдурахман Аль-Ради катышты.
Ош шаарында жалпы 55 муниципалдык мектеп бар. Анын ичинен 5 мектептин имараты авариялык абалда. 2021-жылы эки мектеп курулуп, пайдаланууга берилди. Дагы төрт мектептин курулушу республикалык бюджеттин эсебинен жүрүп жатат.
Нарын: контейнер-мектептин ордуна жаңы имарат салынды. Сүрөт