БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. "Манас" эл аралык аэропортунда 29-декабрга карган түнү коюу туман болгондуктан, бир нече рейс кармалып жатат. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, Алматыдагы кошумча аэродромго Кувейттен "Jazeera", Дубайдан "Flydubai" жана Шарджадан "Air Arabia" компанияларынын учактары конду.
Ошондой эле Москвадан "Avia Traffic" жана Делиден "Aero Nomad Airlines" учактары Оштогу кошумча аэродромго конгон. Андан сырткары, Маскаттан "Salam Air" учагы Ташкенттеги кошумча аэродромго барып конгону маалым болду.
Ички каттамдар дагы кармалып жатканы айтылды.
Аба каттамдары боюнча маалыматты "Манас" жана "Ош" аэропортторунан төмөнкү номерлер аркылуу тактоого болот:
"Манас" — 0 312 69 31 09;
"Ош" — 0 3222 90 101.
Аэропорттун жетекчилиги жүргүнчүлөрдөн жана коноктордон кырдаалды түшүнүү менен кабыл алуусун суранды.