Төрөт үйлөрү жаңы жыл түнү кандай иштей турганы айтылды

Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын өкүлү жаңы жыл күнү жана майрамдарда жогорку категориядагы дарыгерлер иштей турганын айтып, энелерди сарсанаа болбоого чакырды.
Sputnik
БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. Жаңы жылдык майрамдарда төрөт үйлөрү кандай режимде иштей турганын Sputnik Кыргызстан радиосуна Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын Кадрларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу институтунун акушерлик гинекология кафедрасынын башчысы Елена Кибец айтып берди.
Ал жаңы жыл күнү жана майрамдарда жогорку категориядагы дарыгерлер иштей турганын айтып, энелерди сарсанаа болбоого чакырды.
КММА Кадрларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу институтунун акушерлик гинекология кафедрасынын башчысы Елена Кибец
"Төрөткө даярданып жаткан аялдар жаңы жыл түнү жана андан аркы эс алуу күндөрү акушер-гинекологдор жумушка чыкпай калабы деп тынчсызданбашы керек. Өлкө боюнча бул күндөрү адистер иштешет. Буга башкы дарыгердин дарылоо иштери боюнча орун басары жооптуу, андыктан сарсанаа болууга себеп жок", — деген Кибец.
Ал республикада дарыгерлер дем алыш жана майрам күндөрү буга чейин макулдашылган график боюнча иш алып барарын, ал сентябрда эле бекитилгенин белгиледи.
Жаңы жылда аба ырайы кандай болору айтылды