Белгилей кетели, узаган жылдагы бардык орчундуу окуяларды бир мүнөттүк роликке батыруу мүмкүн эмес. 12 ай ичинде абдан көп маанилүү окуялар болду. Мисалы, Жер-Үй алтын кенинин ишке берилиши, Чолпон-Атадагы Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйыны, жергиликтүү кеңешке шайлоо жана министрлер кабинетиндеги кадрлардын алмашуусун айтсак болот. Бирок биз резонанстуу гана учурларга токтолдук.
Кыргызстандыктар үчүн 2021-жыл саясий чоң окуялар менен башталды. 10-январда президенттик шайлоо менен катар башкаруу формасын аныктаган референдум өттү. Президенттик шайлоодо Садыр Жапаров эл добушунун 79,2 пайызын алып, жеңишке жетти. Башкаруу формасын тандоодо көпчүлүк президенттик башкаруу үчүн добуш беришти.
Жаз айларында Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү түшүп кетип, мурда суу алдында калган курулуштар, адамдардын сөөктөрү сыртка чыгып калган. Декабрда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров күз-кыш мезгилине болгон начар даярдык үчүн кыргызстандыктардан кечирим сурады. Президент Садыр Жапаров 2024-2025-жылдар аралыгында өлкөнү энергокризистен чыгаруу пландалып жатканын жар салган.
Апрель айынын башында 27 жаштагы Айзада Канатбекованын өлүмү кыргызстандыктарды кайгыга салды. Ал ала качылып, эки күндөн кийин аны уурдаган киши кызды өлтүрүп, өзү дагы жанын кыйганы аныкталган. Экөөнүн сөөгү Бишкектин четиндеги автоунаадан табылган эле.
Окуя коомдук резонанс жаратып, ички иштер министри Улан Ниязбековду жана шаардык ИИББдин жетекчилигин отставкага кетирүүнү талап кылган эл митингге чыккан. Бул иш боюнча милициянын 12 кызматкери иштен алынган. Алардын арасында жетекчилер дагы бар. Жалпы жонунан 44 укук сакчы жазаланган.
Апрель айынын соңунда Головной суу бөлүштүрүүчү жайында чыккан чыр куралдуу кагылышууга алып келди. 36 кыргызстандык курман болуп, 200дөй киши жаракат алган. Ал эми Тажикстан 19 адам каза таап, 87 киши жаракат алганын маалымдаган. 300дөй үй менен инфраструктуралык объект талкаланып, өрттөлгөн. Кырдаал 30-апрель күнү кечинде турукташкан. Жыл ичинде кыргыз-тажик чек арасында мындан башка дагы чыр-чатактар болуп турду.
Май айында Садыр Жапаров жаңы Конституцияга кол коюп, президенттин, өкмөттүн иши жана парламент түп-тамырынан өзгөрдү. Ага чейин 11-апрелде Баш мыйзамдын долбоору боюнча референдум өтүп, шайлоочулардын 37 пайызы добуш берген. Шайлоочулардын 79,3 пайызы долбоорду колдоп берди.
Ошол эле ай ичинде Кыргызстандын бийлиги "Кумтөр" долбоору боюнча өзүнүн кызыкчылыктарын коргоо үчүн канадалык алтын өндүрүүчү Centerra Gold Inc. компаниясы менен чоң оюнду баштады. Парламент эгер экологиялык талаптар бузулса Кумтөр кенине убактылуу тышкы башкаруу киргизүү мүмкүнчүлүгүн берген мыйзам долбоорун кабыл алган. Алтын кен боюнча териштирүүлөр бүгүнкү күнгө чейин уланып жатат.
Узаган жыл ичинде азык-түлүккө, дизель майына жана көмүргө болгон баа кыйла өстү.
Жайында кыргызстандыктар Токиодогу Олимпиадага катышкан спортчулар үчүн күйөрмандык кылышты. Бул оюндар Кыргызстандын тарыхындагы эң жемиштүүсү болду. Акжол Махмудов менен Айсулуу Тыныбекова күмүш, Мээрим Жуманазарова коло байге алып келди. Кыргызстанда төрөлгөн миңден ашык ымыркайга бул спортчулардын ысымдары ыйгарылды.
Баса, Норвегияда өткөн дүйнө чемпионатында Кыргызстандын спортчулары алты медаль алып (эки алтын, эки күмүш, эки коло) ийгилик жаратты.
Ноябрда кыргызстандыктар Жогорку Кеңештин VII чакырылышына депутаттарды тандады. Шайлоо жаңы эреже менен өттү. 54 депутат партия менен келсе, 36сы бир мандаттуу округдан шайланды. Бишкектин эки округунда "баарына каршы" графасы жеңип кетти.