Чоң тасмаларды тартууга инвестиция табуу үчүн биз мыкты кино тарта аларыбызды далилдеп, көрсөтүшүбүз керек. Бул тууралуу Дастан Мадалбеков Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, учурда кино жаатында абдан таланттуу, жүрөгү таза, эксперименттерди коркпой жасай ала турган адистер иштейт.
"Мен Москвадагы ВГИКте билим алып, орус мектеби кандай экенин көрүп, окуп келдим. Бирок биздеги Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университети жана Кыргыз-Түрк "Манас" университетин бүтүргөн мен теңдүү балдар менен иштешип жатам. Кыргыз киносу ишеничтүү колдо деп айтат элем. Анткени кино жаатында абдан таланттуу, жүрөгү таза, эксперименттерди коркпой жасай ала турган балдар иштейт. Бүгүнкү күндө коңшу мамлекеттерге салыштырмалуу кыргыз киносуна мамлекет тарабынан чындап эле колдоо аз болуп жатат. Мисалы, Өзбекстан 30 кыска метраждуу тасма тартууга 20 миң доллар каражат бөлөт экен. Бизде эптеп 1-2 оор тасма тартылат. Буга чейин Түштүк Кореянын ыраматылык режиссёру Ким Ку Дук келип кеткенде чогуу иштешип калдык. Тасма тартуу ыкмасы абдан жөнөкөй экен, камерага микрофон тагып алып эле тартып кете берет. Анын айтканы боюнча эң башкысы сценарий мыкты болушу керек, ошондой эле тартуучу топто киши аз болушу зарыл. Ошентип бир жумада толук метраждуу кино тартып салдык. Ал бизге "чоң студияларда тартылган съемкалардан качкыла, анын баары көп каражатты жана убакытты талап кылат" деген сунушун айтты. Менимче, биз чындап эле ушул ыкманы да колдонуп көрүшүбүз керек", — деди Мадалбеков.
Ал жаш киночулар кыска метраждуу тасмаларын жалаң гана драма жанрында тартпай, кыска метраждуу комедия же хорор тартып көнүшү керектигин кошумчалады.