Коронавирустун "дельта+" штаммы Нур-Султанга жетти

Калаада кайсы вирустун кайсы штаммы айланып жатканын аныктоо үчүн эки айда бир жолу лабораторияга үлгүлөр жиберилип турат.
Sputnik
БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. Казакстандын борбору Нур-Султанда коронавирустун "дельта+" штаммы аныкталды. Бул тууралуу калаанын башкы санитардык дарыгери Сархат Бейсенова билдиргенин Sputnik Казакстан жазды.
Анын айтымында, маалымат молекулярдык-генетикалык изилдөөнүн жыйынтыгынын негизинде аныкталган.
"Эки айда бир жолу лабораторияга үлгүлөрдү жиберип турабыз. Декабрь айында жүргүзүлгөн изилдөөлөр борбор калаада "дельта" менен "дельта+" штаммы айланып жатканын көрсөттү", — деди Бейсенова.
Адис "дельта" штаммы 47 пайыз, "дельта+" 41 пайыз учурда кездешкенин кошумчалаган.
Путин: "Спутник V" жаңы штамм "омикрондон" коргой турганы анык