Мамлекеттик ипотекалык компания Жалал-Абадда көп кабаттуу үй курат

Батирлер бюджеттик мекемеде эмгектенгендерге 4 пайыз менен, калган жарандарга 8 пайыз менен 25 жылга ипотекалык насыя аркылуу берилери айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. Жалал-Абад шаарына Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан көп кабаттуу үй курулат. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, курулуш үчүн шаардагы Көк-Арт кичи районунан 21 сотых муниципалдык жер аянты каралган. Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттары бул демилгени бир добуштан колдоп берди.
Батирлер бюджеттик мекемеде эмгектенгендерге 4 пайыз менен, калган жарандарга 8 пайыз менен 25 жылга ипотекалык насыя аркылуу берилмекчи.
Садыр Жапаров: ипотека үчүн эмдиги жылга 5,5 млрд. сом бөлөбүз