Бейшембиге карата аба ырайы

30-декабрга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. Бейшембиде күндүз өлкө аймагында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй менен Талас өрөөнүндө +2...+7, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +5...+10, Ысык-Көлдө -1...+4, Нарын аймагында -4...-9 градуска төмөндөйт.
Термометрдин көрсөткүчү борбор калаа Бишкекте +5...+7 жана Ошто +8...+10 градусту көрсөтөт.
Жаңы жылда аба ырайы кандай болору айтылды