Акыркы учак Кабулдагы аэропорттон көтөрүлүп кеткенге чейин эле "Талибан"* бийликти басып алгандыгын жарыялады. Бир нече мезгил аталган аба майданы талибдердин көзөмөлүсүз турду. Ал жакка далбастап, дүрбөлөңгө түшкөн, Афганистандан чыгып кетүүгө үмүт арткан жарандар чогулду. Аэропортто башаламандык өкүм сүрдү. Эл аба кемелери учуп, конуучу тилкеге чуркап чыгып, учакка жармашкан учурлар болду. Абал кандай болгондугун RT даярдаган видеодон көрүңүз.
* — Кыймылга террордук ишмердүүлүгү үчүн БУУ тарабынан санкция салынган.