ЖК төрагалыгына Адахан Мадумаровдун да талапкерлиги көрсөтүлдү

Жогорку Кеңештин спикери бүгүн шайланат.
Sputnik
БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. Жогорку Кеңештин төрагалыгына эки талапкер ат салышат.
Ага ылайык, "Ынтымак" фракциясынан Талант Мамытов, "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынан Адахан Мадумаров көрсөтүлдү.
Башка фракциялар жана бир мандаттуу округдун депутаттары талапкер көрсөткөн жок.
Учурда Жогорку Кеңештин спикерин шайлоо үчүн добуш берүү процесси башталды.
Жаңы жүздөр келди. Алгачкы жыйынга чогулган депутаттардын видеосу