БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. Эртең, 29-декабрда, Жогорку Кеңештин жаңы депутаттары биринчи отурумга чогулат. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынан кабарлады.
"Саат 11:00дө Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаттары ант берет", — деп айтылган маалыматта.
Кыргызстандын Баш мыйзамына ылайык, Жогорку Кеңештин биринчи отурумун алардын ичинен жашы улуу депутат ачат. Ал 66 жаштагы Шарапаткан Мажитова ("Ынтымак" партиясы) болушу мүмкүн.
Парламентке төмөнкү алты партия өттү:
"Ата-Журт Кыргызстан" — 15 мандат;
"Ишеним" — 12 мандат;
"Ынтымак" — 9 мандат;
"Альянс" — 7 мандат;
"Бүтүн Кыргызстан" — 6 мандат;
"Ыйман нуру" — 5 мандат.
Мындан сырткары, Жогорку Кеңешке бир мандаттуу округдан 34 талапкер өттү. Ал эми Бишкек шаарындагы эки шайлоо округунда шайлоо өткөн жок деп таанылгандыктан, эл талапкерлерди 27-февралда кайрадан тандамакчы.