Радио

Алышбаева: сүрөт искусствосунда портрет жанры солгундады

"Арт Араба" коомдук фондунун директору Дамира Алышбаева рыноктук шартка байланыштуу сүрөтчүлөрдүн көбү буйрутма менен иштеп, коомго таасир бере ала турган эмгектер жаралбай жатканын айтты.
Sputnik
Бүгүнкү күндө сүрөт искусствосунда портрет жанры солгундап, чыгарма катары азайганы байкалууда. Бул тууралуу Дамира Алышбаева Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, кийинки муундагы сүрөтчүлөр "салондук" сүрөттөргө басым жасап, музейде сактала турчу эмгектер унутта калып жатат.
"Бизде Гапар Айтиев, Семён Чуйков, Сабырбек Акылбеков түптөп кеткен реалисттик мектептин салттары сакталып калган. Алар табияттан нукура түстү алууну калтырып кетишкен. Жергиликтүү окуу жайдын студенттери же бүтүрүүчүлөрү табият менен жакын болуп, өңдөрдү абдан тез таба алышат. Рыноктук шартка байланыштуу сүрөтчүлөрдүн көбү буйрутма менен иштеп, коомго таасир бере ала турган эмгектер жаралбай калды. Жаш муундагы сүрөтчүлөр "салондук" сүрөттөргө басым жасап, музейде сактала турчу эмгектер унутулуп баратат. Мындан улам сүрөт искусствосунда портрет жанры солгундады", — деди Алышбаева.
Ошондой эле адис көркөм сүрөт искусствосуна салым кошкон инсандардын эмгектери бааланып, илимий изилдөөлөр жасалышы керектигин кошумчалады.