БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. Чүйдүн Сокулук районунда Бишкектин Ленин райондук милициясынын күзөт кызматкерин үйүнө кирип бычактаган факты катталды. Бул туурасында Чүй облустук милициянын маалымат кызматы билдирди.
Кечээ, 27-декабрда, Сокулук РИИБге Чүй облусунун Сокулук районунун Романовка айылындагы үйлөрдүн биринде белгисиз адам үй ээсин бычактап салганы тууралуу билдирүү түшкөн. Бул факт Сокулук райондук ички иштер бөлүмүндө каттоого алынган.
Алдын ала маалыматтарга караганда, белгисиз адам үйгө кирип, уктап жаткан үй ээсинин бет тушуна, ич жагына бычак урган. Ал ойгонуп коргонуп жатканда анын жакындары келип, кол салган адамды кармашкан. Шектүү үйгө кандай максатта киргени азырынча белгисиз.
Жабырлануучу Бишкек шаарынын Ленин райондук милициясынын күзөт кызматынын кызматкери, улук сержант Н.Т. болуп чыкты. Ал оор абалда райондук аймактык ооруканага жеткирилди.
Учурда шектүү колго түшүрүлгөн. Ал 50 жаштагы С.П. аттуу жаран болуп чыкты. Окуянын чоо-жайы териштирилип жатат. Экспертиза дайындалып, тергөө уланууда.