Шаршембиге карата аба ырайы

29-декабрда абанын температурасы төмөндөйт. Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика, коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.
Sputnik
БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. Шаршембиде республика боюнча күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет кабарлады.
Маалыматка ылайык, шамалдын багыты өзгөрүлүп, ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй, Талас жергесинде +4...+9, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +5...+10, Ысык-Көл чөлкөмүндө -1...+4, ал эми Нарын аймагында -5...-10 градус суук болору айтылды.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте жана Ошто +6...+8 градуска жетет.
Бишкекте дагы 4 маршрутканын каттаган жолу өзгөртүлдү