КМШ лидерлеринин Санкт-Петербургдагы жыйыны жабык эшик артында уланууда

Иш-чара башталар алдында өлкө лидерлери чогуу сүрөткө түшкөн. Жолугушуу Ельцин атындагы китепканада өтүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Санкт-Петербург шаарында өтүп жаткан КМШ мамлекеттеринин башчыларынын формалдуу эмес жолугушуусуна катышып жатат. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Иш-чара башталар алдында өлкө лидерлери чогуу сүрөткө түшкөн. Жолугушуу Ельцин атындагы китепканада өтүүдө.
Жыйындын жүрүшүндө Роспотребнадзордун жетекчиси Анна Попова коронавирус пандемиясы тууралуу маалымат берди. Андан кийинки жыйын жабык эшик артында өтүп жатат.
Саммитке Беларусь президенти Александр Лукашенко, Азербайжандын президенти Ильхам Алиев, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев, Россиянын президенти Владимир Путин, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев катышууда.
Санкт-Петербург Садыр Жапаровду кандай тосуп алды? Сүрөттөр