Путин КМШ өлкөлөрүндө пандемия жеңилирээк өтүп жаткан себебин айтты

Россиянын президенти КМШнын бейрасмий саммитинде акыркы он жылдыкта көптөгөн өзгөрүүлөр болгонун, мамлекеттер бир нече тармакта кызматташтыкты бекемдегенин айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. Владимир Путин тарыхый байланыштар жана кызматташуу Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине башка мамлекеттерге салыштырмалуу пандемия менен жеңил күрөшүүгө жардам берип жатканын айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Советтер Союзунан бери сакталып калган байланыштар оң таасирин берип жатат. Жалпы байланыштар, өнөктөш катары иштеген ишканалар сакталып гана калбастан, андан ары өнүгүп, жаңы деңгээлге чыкты. Ушунун баары пандемиянын оор мезгилин баштан өткөрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Илгеркиден калган мүмкүнчүлүктөр жана артыкчылыктуу атаандаштыкты сактоо менен башка мамлекеттерге караганда оорчулуктарды жеңип жатабыз", — деген Путин.
Россиянын президенти КМШнын бейрасмий саммитинде акыркы он жылдыкта көптөгөн ири өзгөрүүлөр болгонун, мамлекеттер бир нече тармакта, анын ичинде коопсуздук жана экономика жаатында кызматташтыкты бекемдегенин айткан.
Эскерте кетсек, аталган иш-чарага Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров да катышууда.
Попова: вирустардын лабораторияда жасалып жатканы чоң коркунуч жаратууда