Кыргызстандык балбан кыздар Москвадагы дүйнө чемпионатында алтын алды. Сүрөт

Жиу-житсу боюнча ACBJJ дүйнө чемпионатына кыздар быйыл биринчи жолу катышууда. Кыргызстандын атынан барган үч кыздын экөө жеңүүчү болду.
Sputnik
БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. Кыргызстандык спортчулар Айжан Кадырбекова менен Гретта Саакян жиу-житсу боюнча дүйнө чемпионатынан төрт медаль багындырып, акчалай сыйлык алышты. Бул тууралуу Sputnik агенттигине жеңүүчүлөрдүн бири Кадырбекова билдирди.
Кадырбекова абсолюттук салмак категориясында (көк курлар арасында) биринчи орунду, ал эми 70 килограмм салмакта үчүнчү орунду алган
ACBJJ версиясы боюнча дүйнө биринчилиги ушул тапта Москва шаарында өтүп жатат.
Кадырбекова абсолюттук салмак категориясында (көк курлар арасында) биринчи орунду, ал эми 70 килограмм салмакта үчүнчү орунду алган.
Гретта абсолюттук салмакта (ак курлар арасында) биринчини, өзүнүн 50 килограмм салмагында алтын медалды багындырган.
Турнирде алдыңкы үч орунду алгандарга 450 доллар, 300 доллар жана 150 доллар берилген.
Гретта абсолюттук салмакта (ак курлар арасында) биринчини, өзүнүн 50 килограмм салмагында алтын медалды багындырган
Жиу-житсу боюнча ACBJJ дүйнө чемпионатына кыздар быйыл биринчи жолу катышууда. Кыргызстандын атынан Кадырбекова жана Саакяндан башка Элзира Кадыралиева да катышты.
Ошондой эле чемпионатка кыргызстандык балдар да катышууда. 27-декабрда башталган беттеш 30-декабрда аяктайт.
Жаңы жылга белек болду! Бишкекте бокс залы оңдолуп ачылды. Сүрөттөр