БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. Жогорку сот Чүй-Кемин шайлоо округунан утуп чыккан депутаттыкка талапкер Медербек Саккараевдин арызын канааттандырып, ага мандат берүү мыйзамдуу деп тапты. Бул тууралуу аталган органдын маалымат кызматы билдирди.
Ушуну менен талашка чекит коюлду. Себеби Жогорку соттун чечими акыркы жана даттанууга жатпайт.
Белгилей кетсек, БШК 18-декабрда Медербек Саккараевдин кош жарандуулугу (Кыргызстан менен Казакстан) бар деген шектенүүдөн улам депутат катары каттоодон баш тарткан. Бул чечимди Бишкек шаардык административдик соту дагы канааттандырган. Бирок талапкер ага макул болбой Жогорку сотко кайрылган. Ишти караган судья бүгүн, 28-декабрда, биринчи инстанциянын чечимин мыйзамсыз деп таап, Саккараевдин пайдасына чечим чыгарды.