Кыргызстандык футбол рефериси 2022-жылы Азия кубогунда калыстык кылат

Мелдеш келерки жылдын 20-январынан 6-февралга чейин Индияда өтөт. Жалпысынан кубок үчүн 12 команда ат салышат.
Sputnik
БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. Футбол боюнча Кыргызстандын FIFA калысы Рамина Цой 2022-жылкы кыз-келиндер улуттук курама командалары арасындагы Азия кубогунун оюндарында калыстык кылат. Бул туурасында Кыргызстандын Футболдук союзунун маалымат кызматы билдирди.
Кубоктун финалдык этабы келерки жылдын 20-январынан 6-февралына чейин Индияда өтөт. Жалпысынан кубок үчүн 12 курама команда ат салышат.
FIFA президенти финалдык оюнду тейлеген Нурдин Букуевди сыйлады. Видео