Жаңы жылдык дем алышта калкты тейлөө борборлору менен ЗАГС иштейби?

Министрлик даяр болгон документтерди алып кетүүдө жана каттоо маселелерин чечүүдө алдыдагы дем алыш күндөрдү эске алууну сунуштайт.
Sputnik
БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. Калкты тейлөө борборлору менен жарандык абалдын актыларын каттоо бөлүмдөрү (ЗАГС) жаңы жылдык дем алышта иштебейт. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги билдирди.
Эске салсак, министрлер кабинети 2022-жылдын биринен 9-январына чейин кыргызстандыктар эс ала турганын жарыялаган. Бул күндөрү Санариптик өнүктүрүү министрлигинин бөлүмдөрү өлкө аймагы боюнча иштебейт, 10-январда гана ачылат.
Быйылкы жылдын соңку күндөрүндөгү график:
29-декабрь — 09:00дөн 18:00гө чейин;
30-декабрь — 09:00дөн 18:00гө чейин;
31-декабрь — 09:00дөн 17:00гө чейин. Майрам алдындагы иш күн бир саатка кыскарат.
Министрлик даяр болгон документтерди алып кетүүдө жана каттоо маселелерин чечүүдө алдыдагы дем алыш күндөрдү эске алууну сунуштайт.
Колдонулбай калган банктык картаны жөн эле ыргытып жибербеш керек. Себеби