Радио

Дүйшөнкулова: адам тоюп уктаса ашказандагы тамак ачып ууландырат

Ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация боюнча республикалык борбордун нутрициологу Марина Дүйшөнкулова салат жасап жатканда консервадагы азык-түлүктү колдонуудан баш тартуу керектигин айтты.
Sputnik
Тамакка ууланып калбаш үчүн аны даярдоого көңүл буруу абзел. Консерваланган азык-түлүктү колдонбоого чакырам. Себеби анда ботулизм таякчалары болушу мүмкүн. Ботулизм азыктын өңүнөн, даамынан жана жытынан билинбейт. Бул өзгөчө балдар үчүн кооптуу экенин Марина Дүйшөнкулова Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, майрам күнү адам өтө тоюп албай тамакты аз-аздан жеп, кыймылда болууга аракет кылышы керек.
"Жаңы жылдык дасторконду биздин кожойкелер түрдүү тамактарга бай кылып жасаганды жакшы көрөт. Ал эми тамактанып жатканка эртеңки күн дагы бар экенин эске алышыбыз керек. 31-декабрда адам кандай тамактанса, эртеси ден соолугунун абалы ошого жараша болот. Биринчиден, кожейкелер азык-түлүктүн абалына көңүл буруп, экинчиден, тамак даярдоонун эрежелерин сактап, негизги тамак жана салаттар конок келердин алдында даярдалып жаңы кезинде желип кеткидей болушу керек. Андан тышкары, тамак-ашты адамдын санына жараша даярдаган оң. Майрам күнү эртеден-кечке ачка жүрүп, тамактанууну кечинде баштап түнгө чейин оозубуз тынбайт. Андан соң тойгон бойдон уктаганга аракет кылабыз. Уктаганда организм эс алууга киргендиктен тамак сиңирүү процесси жай жүрөт. Жыйынтыгында жылуу температурада турган тамак ичеги-карында ачып кетет. Мындай учурда адам ууланат, кыйналбаш үчүн дарыгер жардам бергенге чейин атайын окшуп кусуп салуу керек. Ал эми кычкыл ингредиент кошулган (пияз, лимон ж.б.) тамак-ашты эртеси жегенге болбойт. Суунун көлөмү көп помидор өңдүү азыктар менен жасалган салат тез бузулат. Андан тышкары, оливье да муздак жерде 4-5 саат гана сакталат. Эгер узак сактайм десеңиз, ар бир ингредиентти өзүнчө чөйчөккө салып, жей турган маалда гана аралаштырууну сунуштайм", — деди Дүйшөнкулова.
Нутрициолог муздаткычта чийки азык-түлүк менен даяр тамак-ашты аралаштырбай, оозун жаап, өз-өзүнчө сактоо керектигин кошумчалады.
Подкасттын толук вариантын төмөнкү видеодон көрүңүз: