"Ысык-Көл" мейманканасынын ордуна эмне салына турганы айтылды

"Ысык-Көл" мейманканасы
Иш башкармалык мамлекеттик мекемелердин дээрлик бардыгы эски экенин эске салган.
Sputnik
БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. Каражатты рационалдуу пайдалануу, унаа жолдорун бошотуу жана борбордун эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу үчүн "Ысык-Көл" мейманканасынын ордуна мамлекеттик маанидеги жаңы административдик комплекс куруу чечими кабыл алынды.
Президенттин маалымат кызматынын кабарлаганына караганда, аталган мейманканага эч ким инвестиция салбагандыктан бузулуп жатканы айтылган.
"Ысык-Көл" мейманканасы 1984-жылы курулуп, 2007-жылдан тарта колдонулбай калган. Имаратты сактап калуу жана эл аралык талаптарга жооп берген заманбап мейманкана катары иштетүү үчүн толук реконструкциялоо максатында бир нече жыл бою көптөгөн инвесторлор менен сүйлөшүүлөр жүргөн. Ошондой эле ири мейманкана түйүндөрүнө дагы инвестициялоо сунушталган. Бирок эч ким инвестиция салууну каалаган эмес. Натыйжада 13-14 жыл мейманкана колдонулбай, акырындап бузула берген", — деп айтылат маалыматта.
Иш башкармалык мамлекеттик мекемелердин дээрлик бардыгы эски экенин эске салып, ал жерге мамлекеттик маанидеги жаңы административдик комплекс куруу чечими кабыл алынганын белгиледи.
"Кыргызстан эгемендүүлүк алган жылдары мамлекеттик маанидеги бир дагы административдик имарат курулган эмес. Каражатты рационалдуу пайдалануу, унаа жолдорун бошотуу жана борбордун эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу үчүн "Ысык-Көл" мейманканасынын ордуна мамлекеттик маанидеги жаңы административдик комплекс куруу чечими кабыл алынды. Учурда анын максаттуулугу боюнча маселе каралууда", — деп айтылат билдирмеде.
Мейманкананы "Кыргызстройсервис" мамлекеттик ишканасы бузуп жатканы айтылып, курулуш иштерин КР президентинин иш башкармалыгына караштуу жаңы түзүлгөн Социалдык-экономикалык жана административдик объектилерди куруу, реконструкциялоо боюнча мамлекеттик дирекция жүргүзө турганы кошумчаланды.
Бишкектеги "Ысык-Көл" мейманканасы бузулуп жатат. Асмандан тартылган видео