Эсин жоготуп... UFC жылдын мыкты сабмишендеринин видеосун чыгарды

Абсолюттук мушкерлер чемпионаты (UFC) өзүнүн YouTube каналына 2021-жылдагы мыкты сабмишендердин топтомун жарыялады.
Sputnik
Анда мушкерлер атаандашын муунтуп же колу-бутун кайрып, жеңилүүгө аргасыз кылган учурлар камтылган.
Мыктылардын тизмесине Висенте Луке менен Тайрон Вудлинин таймашы кирди. Анда Луке чанда кездешкен ыкма менен муунтуп уткан.
Топтомдо ошондой эле Брендон Моренонун экс-чемпион Дейвисон Фигейредого каршы титулдук беттеште жеңиш алып келген ыкмасы бар.
UFC 267 мелдешинин титулдук кармашында бразилиялык ардагер мушкер Гловер Тейшейра Ян Блаховичти муунтуп утуп, чемпиондук курун алган беттеши да камтылган. Тейшера промоушендин тарыхында жашы эң улуу чемпион болду.
Жыйнакка швециялык, түбү чечен Хамзат Чимаевдин кытайлык Ли Жинлиангды эсинен танганча муунткан учуру киргизилген.
Узап бараткан жылдагы UFC боюнча мыкты ирмемдер. Видеотоптом