Кайыр сураган Санта-Клаустан 35 жаштагы президентке чейин. Апта ирмеми

Sputnik Кыргызстан өткөн аптада дүйнөдө болгон эң кызыктуу окуяларды камтыган кезектеги сүрөт түрмөгүн сунуш кылат.
Sputnik
Филиппинди "Рай" супер тайфуну каптап, 300дөй адам каза болду. АКШнын Канзас штатында токой өрттөнүп, жүздөгөн жандык куйкаланды. Россиянын президенти Путиндин жылды жыйынтыктаган маалымат жыйыны төрт саатка созулду. Чилиде 35 жаштагы студенттик лидер Габриэль Борич өлкөнүн жаңы президенти болду.
1 / 15

Филиппинди "Рай" аталышындагы супер тайфун каптап, 300дөй адам каза болду. Аймактагы 300 миңден ашуун адам эвакуацияланган.

2 / 15

Россиялык Юлия Тимошинина Сууда сүзүү боюнча эл аралык федерациянын Абу-Дабиде өтүүчү Fina фестивалына даярданууда

3 / 15

Сирия – Түркия чек арасындагы Баб эль-Хавага жакын жердеги качкындар лагериндеги убактылуу мектептин балдары

4 / 15

ӨКМдин кызматкерлери Бишкектеги күйүүчү май сакталган кампада чыккан өрттү өчүрүп жатышат. Ири өрт кырсыгы 21-декабрда катталган.

5 / 15

Зулустар уруусунун кыздары Түштүк Африканын Дурбан шаарындагы Индони фестивалында бийлеп жатышат

6 / 15

23-декабрда Россиянын президенти Владимир Путин салтка айланган жылды жыйынтыктаган маалымат жыйын курду. Төрт саатка созулган иш-чарада ал 55 суроого жооп берди.

7 / 15

АКШнын Канзас штатындагы жайлоодо өлүп жаткан жылкы. Штатта 15-декабрдан бери токой өрттөнүүдө. Кырсыктан эки адам жабыркап, жүздөгөн мал-жандык өлдү.

8 / 15

Бразилияда Санта Клаус кийимин кийген майып адам скейтборддо кайыр-садага чогултуп жүрөт

9 / 15

Лондондогу ресторандын жанында сүрөткө түшүп жаткан кыздар

10 / 15

Марселдеги ооруканада коронавирустан сакайган күйөөсүнөн кабар алганы барган аял. Ишембиде Францияда коронавирустун 100 000ден ашуун жаңы учуру катталды. Бул – эпидемия башталгандан берки рекорддук көрсөткүч.

11 / 15

Чилинин жаңы президенти болуп солчул талапкер, 35 жаштагы студенттик лидер, саясий тажрыйбасы аз депутат Габриэль Борич шайланды

12 / 15

Бали аралындагы Koral ресторанынын аквариумунда Аяз атанын кийимин кийген суучул сүзүп жүрөт

13 / 15

Омск шаарында (Россия) туман каптаган турак жайдын көрүнүшү. ӨКМ муну жергиликтүү элдин от жакканы менен түшүндүрдү.

14 / 15

Шах Алам шаарында (Малайзия) унаада эвакуацияны күтүп жаткан адам. Нөшөрлөгөн жамгырдан улам өлкөнүн бир катар аймактары суу алдында калды.

15 / 15

Садыр Жапаров жана Акылбек Жапаров министрлер кабинетинин жыйынында. Президент аткарылган иштер тууралуу маалымат берип, министрлер кабинетинин төрагасынын отчету да угулду.