БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. 28-декабрга караган түнү тоолуу райондордо кар жаайт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Жолдор тоңголок, тайгак болуп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй жана Талас өрөөндөрүндө 0...+5, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +1...+6, Ысык-Көлдө -4...+1, Нарын аймагында -5...-10 градус суук болот.
Борбор калаада күндүн табы +2...+4, Ош шаарында +3...+5 градус жылыйт.
Тоолуу райондордо түнкүсүн -10…-15, күндүз -6…-11, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -26…-31, күндүз -10…-15 градуска чейин суук болот. Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин, жайыттарда мал кармоону кыйындатат.