Аймактарга кетчү жолдорго кум-туз аралашмасы чачылып, атайын техника иштеп жатат

Өлкөнүн ар кайсы жактарында кар жаап жаткандыктан министрлик алыс жолго чыккан айдоочуларга коопсуздук боюнча сунуштамаларын айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 90-137-чакырымына жана Өтмөк ашуусуна (Талас — Тараз — Суусамыр унаа жолунда) тоңголокту кетирүү үчүн кум-туз аралашмасы чачылып жатат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Өлкөнүн ар кайсы жактарында кар жаап жаткандыктан министрлик алыс жолго чыккан айдоочуларга коопсуздук боюнча сунуштамаларын айтты.
"Жолго чыккандар өз коопсуздугу үчүн автоунаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты сакташы керек. Ашуудан өтүүнү пландагандардын жанында тайып кетүүдөн сактоочу чынжырлар болгону жакшы. Мындан тышкары, автоунаалар каршы тилкеге чыгып же карды тазалап жүргөн атайын техниканын ишине тоскоол болбошу керек", — деп айтылат билдирүүдө.
Жолдордогу абал тууралуу министрликтин расмий сайтынан mtd.gov.kg маалымат алууга болот.
Бишкек — Ош унаа жолун күрткүдөн коргоого 9,1 млн. доллар бөлүндү