Кыргызстандагы коронавирус: 29 адам ооруп, эки киши көз жумду

Учурда ооруканаларда 292 бейтап дарыланууда. Анын ичинде экөөнүн абалы канааттандырарлык, 133ү орто, 142си оор жана 15и өтө оор абалда.
Sputnik
БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. Кыргызстанда өткөн суткада коронавирус 29 кишиден аныкталып, эки бейтап каза тапты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.
Жуктургандар:
Бишкек — 17;
Чүй — 4;
Ысык-Көл — 6;
Жалал-Абад — 2.
Пандемиядан бери коронавирус 184 506 кишиден чыкты.
Көз жумган эки адам Бишкектен катталды, алар вируска каршы вакцина алган эмес. Ушуну менен жугуштуу оору 2 797 кишинин өмүрүн алды.
Акыркы суткада 30 бейтап айыгып, жалпысынан 179 619 киши сакайды.
Учурда ооруканаларда 292 бейтап дарыланууда. Анын ичинде экөөнүн абалы канааттандырарлык, 133ү орто, 142си оор жана 15и өтө оор абалда. Амбулатордук дарыланууда 313 бейтап бар.
Балээден алыс болосуң! Министрлик бет кап тагынуунун зарылдыгын эскертти