Кыргызстанда чет элдик студенттердин коопсуздугун коргоо күчөтүлөт

2021-жылдын 11 айында Пакистандын жарандарына карата 63 кылмыш катталган, алардын көбү уурулук жана алдамчылыкка байланыштуу.
Sputnik
БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун төрагалыгы астында Кыргызстандын аймагында чет элдик студенттердин коопсуздугу боюнча кеңешме өттү. Бул тууралуу өкмөт билдирди.
Маалыматка караганда, бүгүнкү күндө республиканын аймагында 30 501 чет өлкөлүк жаран билим алууда. Алардын 9 285и Пакистандан, 13 404ү Индиядан келген.
Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, 2021-жылдын 11 айында Пакистандын жарандарына карата 63 кылмыш катталган, алардын көбү уурулук жана алдамчылыкка байланыштуу.
Жыйында жогорку окуу жайлардын жетекчилерине жана укук коргоо органдарына алдын алуу иш-чараларын, ошондой эле чет элдик жарандардын республикада жүрүү тартиби боюнча түшүндүрүү иштерин күчөтүү тапшырмасы берилген.
"Алар – биздин жергебизде мейман, элдерибиздин ортосундагы достуктун көпүрөсү. Ар бир студент мыкты билим гана албастан, өлкө тууралуу жакшы пикирде калуусун каалайт элек. Министрлер кабинети ар бир студент камкордукка алынып, биздин өлкө тууралуу жагымдуу таасир алуусу үчүн ар бир университетте достук коомунун ишин камсыз кылууга ниеттенет", - деди Байсалов.
Ал ошондой эле чет элдик студенттердин коопсуздугу боюнча маселени күчөтүлгөн көзөмөлгө алууну тапшырды.
Россия чет элдик студенттерге туруктуу жашоого жеңилдетилген жол менен уруксат берет