Бизнес-долбоор убадалашкан. Чүйдүн фермерлери 9 млн. сомдук малдан кол жуушту

Алдамчылык фактысын иликтөө учурунда милиция Аламүдүн районунун аймагында дагы ушул сыяктуу эки учурду аныктады.
Sputnik
БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. Чүй облусунун фермерлери алдамчылардын кылтагына илинип 9,3 миллион сомдон кол жуушту. Бул туурасында Милициянын аймактык башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.
22-декабрда облустун Аламүдүн райондук милициясына 37 жаштагы Б.Э. кайрылып, О.Б. аттуу жаранга карата чара көрүүнү өтүнгөн. Шектүү ушул жылдын 11-апрелинде анын ишенимине кирип, Москва районундагы сарайда асыл тукум мал өстүрүү боюнча бизнес-долбоорду ишке ашырам деген шылтоо менен 38 баш бодо малын алып кеткен. Чыгым 3,9 миллион сомго бааланууда. Шектүү айткан убадасын аткарган эмес.
Бул алдамчылыкты иликтөө учурунда Аламүдүн районунда болгон буга окшогон дагы эки фактынын бети ачылган. Анда жергиликтүү тургундардын 5,4 миллион сомдук малын алып кетишкен.
Бул кылмышка шектелип, мурда соттолгон 44 жаштагы О.Б. аттуу жаран кармалды. Ал бир айга Бишкектеги № 1 тергөө абагына камакка алынды.
Каржы пирамидасын уюштуруп 5 000 адамды алдагандар изделүүдө, кээси кармалды