Кыргыз футболунун премьер-лигасы кеңейип жатат. Жаңы клубдар кошулду

Келе жаткан сезондо өлкөнүн жогорку лигасында өлкөнүн бир нече шаары менен бир айылынын клубу ойноп чыгат.
Sputnik
БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. Өлкөнүн футболдук премьер-лигасында бул сезондо 10 клуб болорун Кыргыз футбол союзунан (КФС) билдиришти.
Өткөн аптада КФСтин жылдык жыйыны болду. Анын төрагасы Медербек Сыдыков клубдарга Кыргыз кесипкөй футбол лигасынын келерки сезонуна катыша турган лицензияны тапшырды.

Лицензиялоо — татаал процесс. Анда футболдук клуб Азия футболдук конфедерациясы жана КФСтин эгидасы менен өтө турган таймаштардын эрежелерине жооп берүү үчүн тиешелүү процедуралардан өтөт.

Лицензияны сегиз клуб алды. Алар былтыркы сезондо Кыргыз премьер-лигасында ойногон, дагы экөө жаңы кирди, алар — "Нур-Баткен" жана "Талант" клубдары. Эки команда башка, улуттук дивизиондо ойногон.
"Дордой" (Бишкек, КР чемпиону);
"Абдыш-Ата" (Кант);
"Алга" (Бишкек);
"Алай" (Ош");
"Каганат" (Ош);
"Нефтчи" (Кочкор-Ата);
"Илбирс" (Бишкек);
"Кара-Балта" (Кара-Балта);
"Нур-Баткен" (Баткен);
"Талант" (Беш-Күнгөй, Чүй облусу).
"Нур-Баткен" элдик футболдук клуб катары чыкты, анын өздүк аренасы Баткендеги "Борбор" стадиону.
"Талант" — 2020-жылы түзүлгөн жаңы команда. Өзүнүн стадиону Беш-Күнгөй айылында жайгашкан.
Жаңы футбол сезону 2022-жылдын мартында башталат.
Садыр Жапаров 9 гол киргизип мыкты чабуулчу болду. Турнирдин урунттуу учурлары