Вирусолог пандемия кандай учурда бүтөрүн айтты

Адистин пикиринде, пандемиянын бүтүшүнө себеп боло турган жагдай — дүйнө жүзүндөгү адамдардын басымдуу бөлүгүнүн иммунитетинин бекемделиши. Мындай учурда вируска жашай турган жер калбай калат.
Sputnik
БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. Адамдардын иммунитети канчалык бекемделген сайын пандемиянын соңу ошончолук жакындай баштайт. Бул тууралуу "Известия" басылмасы Гамалея атындагы борбордун вирусологу Александр Бутенконун айтымына таянып кабарлады.
"Өзүбүз көрүп жаткандай, COVID-19 мутация болуп кетүүгө абдан жөндөмдүү вирус экен. Бирок мутация дайым эле вирустун пайдасына иштей бербейт. Илимде мутация болгон сайын вирус алсызданган учурлар белгилүү. Андыктан COVID-19 деле ошол сценарий менен кетиши толук ыктымал", — деди Бутенко.
Адистин пикиринде, пандемиянын бүтүшүнө себеп боло турган экинчи жагдай — дүйнө жүзүндөгү адамдардын басымдуу бөлүгүнүн иммунитетинин бекемделиши. Мындай учурда вируска жашай турган жер калбай, мутация болуу мүмкүнчүлүгү дагы азаят. Андыктан вирусолог эмдөөдөн өтүү маанилүү экенин кошумчалады.
Балээден алыс болосуң! Министрлик бет кап тагынуунун зарылдыгын эскертти
БУУ коронавирустан кийинки пандемияга даярдык көрүүгө чакырды